Курс «TIA-Portal платформасында Сименс фирмасынын өнөр жай контроллерун программалоо» (алдынкы)

Жалпы көлөмү: 72 саат

Курсту аяктагандан кийин документтер: Күбөлүк;

Баасы: 10000 сом

Бул курс SIMATIC S7-1200ти тереңирээк изилдөөгө арналган.

 Курстун максаттары жана милдеттери

  • автоматтык башкаруу, контролдоо жана жөнгө салуу системаларынын теориялык негиздерин терең изилдөө;
  • Siemens фирмасынын программалык-техникалык каражаттарынын көп түрдүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу;
  • Угуучулардын алдында мисал катары коюлган TIA Portal базасындагы ПЛК S7-1200 илимий маселелерди чечүү үчүн эң кеңири тараган программалык-техникалык методдорду жана технологиялык процесстерди автоматташтыруу областындагы методдорду жана ыкмаларды өз алдынча колдонуу жөндөмүнө ээ болуу.

Окуу процессинде угуучулар төмөнкүлөргө ээ болот:

  • «Сименс» фирмасынын TIA Portal платформасы боюнча өзүнүн билимин кеңейтүү;
  • техникалык прорцессин анализдөөнүн негизинде контроллерду тандоону ишке ашыруу;
  • Simatic S7 контроллерлорун программалоо жана конфигурациялоо;
  • контролердун конфигурациясын түзүү, окуу жана өзгөртүү;
  • диагностика ыкмасы менен каталарды жана бузуктарды аныктоо жана оңдоо;
  • электр башкаруу схемасын түзүү;
  • ар кандай автомат системалары менен жабдыктарды пайдалануу;
  • алган билимин жана жөндөмүн иш жүзүндө колдонуу.

Курстун негизги бөлүмдөрү:

  • Автоматизация пирамидасы. Заманбап автоматташтыруу каражаттары жана байланыштары. ТПАСБ;
  • SIMATIC S7 бүлөсүнүн аппараттык бөлүгү. 300/400/1200 сериясындагы контролерлор. S-1200 контролерлорунун конструкциясы, кошумча модулдар;
  • TIA Portal платформасы. SIMATIC: Step7, WinCC программалык камсыздоолору;
  • TIA Portal программалоо чөйрөсүн терең изилдөө;
  • Структуралык программалоо, конфигурациялоо, тууралоо жана тармактарды өзгөртүү;
  • Аналогдук белгилерди иштеп чыгуу;
  • STL S7 тилинде өтүүнү программалоо;
  • Өлчөө жана контролдоо. Сенсордук Технология;
  • Маалыматтар блогу менен иштөө;
  • Логикалык операциялар, таймерлер, эсептегичтер;
  • Программада кемчиликтерди издөө;
  • Аккумулятор менен опрециялар.
СЭӨФ