Курс «CoDeSys V2.3 чөйрөсүндөгү программалоо» (базалык курс)

Жалпы көлөмү: 72 саат

Курсту аяктагандан кийинки документтер: Күбөлүк

Баасы:

Курстун максаттары жана милдеттери

Курсту окуп үйрөнүүдөн кийин угуучу ОВЕН фирмасынын өнөр жай контроллерунун  базасында  автоматташтырылган системаларды долбоорлоо жѳнүндѳ жалпы түшүнүкала алат, ошондой эле эл аралык МЭК 61 131-3 стандартка, атап айтканда CoDeSys 2.3. платформасынын базасында өнөр жай контроллерун программалоого ылайык станддаштырылган пакеттеринин программмалоо чөйрөсүндө практикалык көндүмдөргө ээ болот.

Окуу процессинде угуучулар төмөнкүлөргө ээ болот:

  • “ОВЕН” фирмасынын (Россия) автоматташтыруу каражаттары менен жалпы таанышуу алуу;
  • “ОВЕН” фирмасынын ПЛК базасында конфигурациялоону аткарууну, автоматташтыруу системасын ишке киргизүүнү үйрөнүү;
  • дискреттик жана аналогдук сигналдарын иштеп чыгуу менен жөнөкөй программаларды түзүү жана тестирлөө;
  • бузуктарды аныктоо жана издөө;
  • алган билимин жана жөндөмүн иш жүзүндө колдонуу.

 

Курстун негизги бөлүмдөрү:

  • ПЛК ОВЕН бүлөсүнүн аппараттык бөлүгү. 110/150/160 сериясындагы контроллерлор. Өнөр жай контроллерлерунун архитектурасы;
  • CoDeSys V2.3 программалык камсыз кылуу
  • Программалоо тилдери МЭК- 61131 стандарты, CFC тилинин базалык операциялары;
  • Ыйгаруу операторлору, логикалык операторлор;
  • Отладка жана долбоорду ишке киргизүү, программаны түзүүнүн мисалы, маалыматтар агымы;
  • Салыштыруу операторлору, тандоо операторлору, арифметикалык операторлор;
  • lib библиотекасы, счетчик, триггер, таймер, функционалдык блоктор менен иштөө, жаңы библиотека кошумчалоо, Util.lib библиотекасы;
  • Функционалдык блоктор жана функциялар;
  • USB жана Ethernet менен конролерду кошуу, жүктөө файлын түзүү;
  • Интерфейстер жана протоколдор;
  • Киргизүү жана чыгаруу модулдары. Конфигурациялоо. Мх110 конфигуратору;
  • Оператордун панели, СП300 конфигуратору, контролерго кошуу.
СЭӨФ