Курс «Баштапкы санариптик көндүмдөр – Digital Start»

Жалпы көлөмү: 72 саат

Курсту аяктагандан кийинки документ: Күбөлүк

Баасы:

Курс жаныдан  компьютерди үйрөнүп баштагандар үчүн жана ошондой эле Инфокоммуникациялык технологияларды колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн  оптималдаштырууга жана толуктоого арналган.

Курстун максаттары жана милдеттери

Курстун негизги милдеттери – окуп жаткандарды маалыматтык коммуникациялык технологияларды иште жана турмушта колдонууга үйрөтүү. Окуу предметин окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында угарманчы төмөнку мүмкүнчүлүктөрго ээ болот:

  • Персоналдык компьютер менен иштөө жөндөмдүлүгүн калыптандыруу;
  • Интернет тармагынын маалыматтык ресурстарынын түзүмү жөнүндө, зымсыз тарамдарды жөндөө, интернет-технологияларды кесиптик иште жана жашоодо колдонуу ыкмалары жөнүндө түшүнүк алуу;
  • кибер аймакта коопсуз иштөө жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу;
  • булуттуу технологиялар менен иш жүргүзүү, төлөм системасын пайдалануу, жеке маалыматтарды коргоо жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу;
  • MS Office пакети менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу.

Курстун негизги бөлүмдөрү:

  • Персоналдык компьютердин (ПК) тузулушу. ПК түрлөрү. Файл жана папкалар менен иштөө. Ар кандай форматтагы файлдарды конверсиалоо. Перифериалык  жабдыктар менен иштөө;
  • Интернет тармагы. Тармактык жабдыктар. Тармак иштетүү системалары. Компьютердик тармактар;
  • Интернет-мейкиндигин коопсуз пайдалануу. Социалдык тармактар, мессенджерлер, электрондук почта;
  • Санариптик төлөм системаларын колдонуу. Интернет банкинг. Электрондук капчыктар;
  • Булут технологиялары. Google Drive, iCloud, Drop Boxторду колдонуу;
  • Медиа көндүмдөрү (үн, видео);
  • MS Office топтомуна киришүү. MS Word, MS Excel, MS Access, MS Publisher, MS Visio, MS Power Point, MS Projectтин мүмкүнчүлүктөрү.
СЭӨФ